Баткен коогалаңынын курмандыктары эскерилди

0
734

Бүгүн Баткен шаарында Баткен коогалаңынын 23 жылдыгы белгиленди. Облустук бийликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эскерүү иш чарасы эстеликке гүлчамбар коюу менен башталып, Баткен коогалаңында курман болгондордун элесине куран багышталды. Облус башчысы Абдикарим Алимбаев Баткен коогалаңында каза болгондордун элеси түбөлүккө сакталарын жана  эрдиктери баа жеткис экенин баса белгиледи.

 

1999-жылыдын 23-августунда Баткен районунун аймагына өздөрүн “Өзбекстан ислам кыймылы” деп атаган экстремисттик топтун жоочулары Зардалы айылы тараптан кол салган. Ушул эле топ бир жылдан кийин, 2000-жылдын август айында Лейлек жана Баткен райондору чектешкен жердеги Төрө ашуусу тараптан кайрадан кол салган. Эки жыл катары менен болгон бул коогада жалпысынан Кыргызстандын 53 аскери курман болгон. 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here