Чек ара кызматы тармактагы жетишпестик тууралуу айтылган маалыматка жооп берди

0
606

КР УКМК Чек ара кызматы чек ара тарамдарында материалдык каражаттар жана азык-түлүктөр жетишпейт деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт деп маалымдайт.
2022-жылдын 8-октябрына карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан чек ара тарамдары жана өткөрүү жайлары камсыздоо талаптарына ылайык, 100% бардык материалдык каражаттар менен камсыз болгон.
Баткен облусундагы чек ара башкармалыктарынын өздүк курамы толугу менен кийим-кече жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган.
Чек ара заставалары узак мөөнөткө сакталуучу азыктар менен 2023-жылдын июнуна чейин камсыз кылынган. Ар бир үч айда тез бузулуп кетүүчү тамак-аштын запасы толукталып турат.
Ошондой эле керектүү көлөмдө көмүр, отун менен камсыздалган.
Чек арачылардын бардык керектөөлөр менен камсыздоо маселеси жетекчилиликтин көзөмөлүндө,-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here