Жергиликтүүлөргө Ак-Сай айылынын башкы планы тууралуу маалымат берилди

0
364

Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигин директору Нуртазин Жетыбаев Баткенде чек-арадагы чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Ак-Сай айылынын эли менен жолугушту.Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.
Жолугушуунун учурунда Мамкурулуштун алдындагы Шаар куруу жана архитектура мамлекеттик долбоорлоо институтунун адистери менен даярдалып жаткан Ак-Сай айылынын башкы планы тууралуу маалымат берилди.
Маалыматта «жабыр тарткан айылдарды калыбына келтирүүдө жергиликтүү элдин сунуш-пикирлерин эске алуу негизги маселе болуп эсептелет. Учурда жер-жерлерде чек ара жаңжалынан жабыр тарткан, толугу менен өрттөлгөн турак үйлөр сүрдүрүлүп, айылдагы ички көчөлөр кеңейтилүүдө», — деп белгиленет.
Белгилей кетсек,2022-жылдын сентябрь айында, кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу жаңжалда Ак-Сай айылында 180 турак үй жана бир катар мамлекеттик мекемелердин имараттары жабыркаган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here