Орусияда “Баткен биз сени мененбиз” аттуу марафон болуп өттү

0
660

Орусиядагы мекендештер уюштурган, Баткен элине арналган марафондо, 1 млн 579 миң 300 руб чогултулду. Бул тууралуу Салам Медианын Москвадагы кабарчысы Нуржамал Таабалдиева билдирди.

2022-жылдын 9- октябрь күнү Орусиянын борбору Москва шаарында,“Баткен Өрүкзар” коому Кыргыз Диаспоралары менен биргеликте “Баткен биз сени мененбиз” аттуу марафон уюштурду.

Марафонго Москвада эмгектенип жүргөн, Кыргызстандын 7 дубанынан барган жарандар, коомдук уюмдар активдүү катышып, салымдарын кошушту.

Марафон эрте менен 8:00 дө башталып кечки саат 22:00гө чейин уланды.

Маалыматка ылайык, эсепке түшкөн накталай акча 1 млн 459 миң 300 рубль болсо, онлайн которуу 120 000 руб, жалпысынан 1 млн 579 миң 300 рублды түздү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here