Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн АКШ долларын бөлөт

0
929

3-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чингиз Айдарбеков, Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары да катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Чингиз Айдарбеков Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы алакага жогору баасын берип: Өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери 2 миллиард АКШ долларынан ашык суммада каржылык жардам алганын белгиледи. Муну менен катар мактарына көрсөтүлүп жаткан ар тараптуу жардамдар үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болуп өткөн акыркы кайгылуу окуялар боюнча, “Тажикстан Республикасы тарабынан эки жана көп тараптуу келишимдерге каршы, алдын ала пландалган куралдуу баскынчылык актысы жасалып, анын натыйжасында Кыргызстандын жарандары курман болду. Ошону менен бирге биз эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен сүйлөшүү үстөлүндө чечүү боюнча өзгөрүлбөс позициябызды дагы бир жолу ырастайбыз”, — деди Айдарбеков

Өз кезегинде Анна Бьерде Баткен облусундагы түзүлгөн кырдаалга өкүнүчүн билдирип, чек ара маселелерин тынчтык жолу менен гана чечүү зарылчылыгын белгиледи. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө “Аймактарды экономикалык өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруунун алкагында 50 миллион АКШ долларын бөлөөрүн кошумчалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here