USAID Баткенде чек арадан эвакуацияланган элге 100миң АКШ долларын бөлдү

0
727

USAID Баткен облусундагы эвакуацияланган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү үчүн 8 миллион сомдон ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалым болгондой, АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги тарабынан гуманитардык жардам катары бөлүнгөн бул каражат Баткен облусундагы 400дөй үй-бүлөгө бөлүнөт. Алар чек арадагы кагылышуулардан жапа чеккендердин чукул гуманитардык муктаждыктарын колдоо максатына жумшалат.

Эл аралык Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун федерациясы жабыркагандарга тез арада жардам көрсөтүү үчүн бул көп максаттуу акчалай жардамды бөлүштүрөт.

«Бул Америка элинин Кыргыз Республикасынын элине көрсөткөн жардамы. Биз Баткендеги жүздөгөн үй-бүлөлөр дуушар болгон кыйынчылыктарды жеңилдетүүгө жардам берип жаткан эл аралык гуманитардык аракеттерге өз салымыбызды кошуп жатабыз», — деди АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.

Буга чейин USAID ЮНИСЕФ жана Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай Коому аркылуу 1000 гигиеналык комплект берген. Комплекттер 5000 адамдын, анын ичинде Баткен облусундагы 2000 баланын муктаждыктарын канааттандырууга жардам берди-деп белгиленет, маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here