Чек ара аймактарын калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралды

0
356

Үстүбүздөгү жылдын 16-17-сентябрындагы Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган, Баткен жана Ош облустарындагы турак жайларды жана мамлекеттик мекемелердин имараттарын калыбына келтирүүгө 3 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты.

Бул каражат мамлекеттик органдардын арыздары боюнча бөлүнөт. Сумма “Капиталдык салымдар” беренесинин 2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларын кайра бөлүштүрүүнүн эсебинен каралган.

«Аталган сумма аскердик жана жарандык инфраструктураны оңдоого, калыбына келтирүүгө жана курууга жумшалат. Анын ичинде социалдык, ирригациялык объектилерди курууга жана капиталдык оңдоого, калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоого, турак жай курууга, ошондой эле жолдорду реконструкциялоого багытталат», — деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here