Тажикстандын кол салуусунан Баткенде 640 жай тургундардын үйлөрү жабыркаган

0
404

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрындагы Тажикстандын куралдуу баскынчылыгынын натыйжасында Баткен облусунун тургундарынын 640 турак жайы жабыркаган. Анын ичинен 430 үй жашоого жараксыз болсо, 210 үй оңдоону талап кылат.

Бул тууралуу КРнын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы, Министрлер кабинетинин төрагасыАкылбек Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапары учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, турак үйлөрдөн сырткары 11 административдик-стратегиялык объекти, 18 социалдык объекти, (анын ичинде 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 фельдшердик-акушердик пункт), 336 көмөкчү имараттар, 197 чарба объектиси, 1 унаа өтүүчү көпүрө, 55 автомашина жабыркаган.

Белгилей кетсек, учурда аймакта калыбына келтирүү иштери башталган. Ага куткаруучулар, ыктыярчылар, атайын техникалар тартылган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here