Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам, үй жайын таштап качкан жарандардын, үйлөрүнө кайтып келүүсү уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 30-сентябрга карата,123 345 жаран туруктуу жашаган жайларына кайтып келишти.
Ал эми үйлөрү жараксыз болгон жарандарга жергиликтүү бийлик тарабынан жалпы облус боюнча 8 мекемеде 64 бөлмө жана 218 жеке жарандардын үйлөрү даярдалган,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Тажикстандын кол салуусу учурунда Баткен облусунун аймагынан 136 770 жаран коопсуз аймактарга эвакуацияланган.