Кыргызстан Түркия президенттери жолукту

0
441

Президент Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-түрк кызматташтыгынын кеңири чөйрөсүн талкуулап, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы байланыштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу стратегиялык кызматташтыкты мындан ары чыңдоону белгилешти. Садыр Жапаров Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жогорку деңгээлде уюштурулганын айтты.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Салтанаттуу иш-чара түрк дүйнөсү менен көчмөндөрдүн маданиятына арналган театралдаштырылган шоунун коштоосунда болду. Аземге Кыргызстандан да 30га жакын маданият ишмерлери катышып, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Мындан тышкары, ачылыш аземинин алкагында оюндарга катышуучу өлкөлөрдүн парады да өттү. Оюндарга 102 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышат. Мелдештерге Кыргызстандын атынан 148 спортчу катышууда деп айтылат маалыматта.

Ал эми бүгүн, 30-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапарын аяктап,Бишкекке кайтып келди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here