Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн АКШнын Нью-Йорк шаарына барды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Өлкө башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт деп айтылат маалыматта.