Тажикстандын кол салуусунда курман болгон чек арачы Прапорщик Нургазы Боркошовдун жубайы көз жарды. Бул тууралуу журналисттерге маркумдун жакындары билдирген.
Боркошовдун жубайы 17-сентябрда көз жарып, кыздуу болгон.
Ал кызына Мээрим деп ат койгон. Анткени атасы, Мээрим Жуманазаровадай балбан кыз болсун деп,тилек кылып, ушул атты тандаган деп билдирди, маркумдун агасы.
Белгилей кетсек, Нургазы Боркошов 16-сентябрда Кара-Бак заставасында тажик аскерлери менен салгылашууда баатырларча курман болгон.
Анын артында эки уул, эки кызы калды.
Нургазы Боркошов Баткен шаарында туулган. Ал 35 жашта болчу.