Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына комплекстүү мектеп курулат

0
516

Кечээ 12-сентябрда Баткен шаарына Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү келишти.

Алар, Баткен шаарында жаңы орус тилдүү комплекстүү мектеп имаратынын курулуш жайы, долбоорду түзүүдө эске алына турган шарттар менен таанышты.
Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан билдиришти.

Мектептин курулушу 2023-жылы башталат.Ал үчүн Чет-Булак кварталынын Подстанция участкасынан 3гектар жер бөлүнду деп кошумчалашты мэриядан.

Жолугушууга КРнын Баткен облусундагы чек арадагы айылдарды калыбына келтирүү боюнча Президенттин атайын өкүлү Мамыржан Рахимов, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басарлары Тимур Мадяров, Жаныбек Исаков, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов баштаган шаар жетекчилери катышышты.

Жаңы орус тилдүү комплекстүү мектеп 1200 орунга ылайыкташтырылып, эки бассейн, 2 стадиону менен курулат деп айтылат, мэрия тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here