Тажикстандагы этникалык кыргыздар Кыргызстанда бюджеттик негизде билим алат

0
544

2022-жылдын 8-сентябрында Дүйшөмбү шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде Тажикстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздар үчүн 2022-2023-окуу жылына карата Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кирүү сынактары өттү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жазылды.

Бул иш аракет Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чет мамлекеттерде жашаган мекендештерге билим берүү жана улуттук маданият маселелеринде колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгын алкагында ишке ашууда.

Кирүү экзамендерин Тажикстан Республикасынын Мургаб, Лахш райондорунан жана Согди облусунан келген абитуриенттер тапшырышты.

Алдыдагы окуу жылына карата Тажикстан Республикасында жашаган этникалык кыргыздар үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде 25 орун бөлүндү.

Конкурстук тандоону өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде тандоо комиссиясы түзүлүп, анын курамына окуу жайлардын, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирген деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here