Ысык-Көл облусунун Түп районунда жол кырсыгы катталып, 5 адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
11-сентябрда Балыкчы – Ананьево – Каркол унаа жолунда “Фольксваген Пассат”, “Субару” жана “Хонда Аккорд” унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Жыйынтыгында 32, 28 жана 30 жаштагы үч эркек, жана 14 жаштагы, 1 жаштагы кыздар каза болду.
Жабыркагандар Түп райондук ооруканасына жеткирилген.
Кырсык унаанын жолуна чыга калган аттан улам болгону айтылат.
“Фольксваген Пассаттын” айдоочусу атты сүзүп, андан кийин башкарууну жоготуп, эки унаа менен сүзүшкөн.