Баткен шаарында жаңы балдар бакчасы ачылды

0
1026

Баткен шаарындагы Фаиза социалдык шаарчасында «Мээрим нуру» балдар бакчасынын ачылуу аземи өткөрүлдү.

Жаңы ачылган балдар бакчасы 50 орунга ылайыкташып, керектүү эмерек, жабдыктар менен жабдылган. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Аземге жетекчилер, жергиликтүү тургундар, ата-энелер жана бөбөктөр катышты.

Белгилей кетсек, Баткен шаары боюнча 610 орунга ылайыкташтырылган 3 типтүү жана 2 ыңгайлаштырылган мамлекеттик балдар бакчалары бар. Учурда 1370 бала, балдар бакчасына тартылган. Бала бакчага баруу үчүн 1200дөн ашуун бала расмий түрдө электрондук кезекке катталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here