Зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери эки айга камалды. Бул боюнча Биринчи май райондук сотунан маалымдашты.
Алар тергөө аяктаганга чейин камакта болот.
Белгилей кетсек, Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук гвардиянын эки аскери кызды зордуктоого шектелип кармалган.
Буга чейин белгилүү болгондой, социалдык тармактарда эки аскер кызматкерин зордуктоого айыптаган маалымат чыккан.
Иликтөөнүн жүрүшүндө 2022-жылдын 5-сентябрында Б.У. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, 4-сентябрдан 5-сентябрга караган түнү саат Бишкек шаарындагы Сыдыков жана
Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде унаада аны зордуктаган эки белгисиз жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогон.