Милиция: Жаш кыздын өлүмүнө милициянын тиешеси жок

0
603

2022-жылдын 4-сентябрь күнү саат 15:25 чамасында Кадамжай районунун Алга айылынын тургуну Халмион айыл аймагынын Ноогардан айылынын түштүк тарабынан өткөн Ош-Раззаков автожолунун боюнда мал багып жүрүп, сел өтүүчү тюнелдин ичинде белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгын көрүп, милицияга кабар берген.

Окуя болгон жерге кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп киши колдуу болуп өлтүрүлгөн белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылган.

Анын өздүгүн тактоо учурунда ал, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын үч тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда аталган кылмышты жасагандардын арасында милиция кызматкери бар деген маалыматтын тарашы боюнча, облустук милиция, бул окуяга милиция кызматкерлеринин тиешеси жок жана кармалгандардын арасында милиция кызматкери жок деп маалымат таратты.

Тергөөнү ыкчам жана акыйкат тергелишин облустук милициянын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды. Иштин тергелишинин жүрүшү боюнча коомчулукка кошумча маалыматтар берилип турат деп белгиленет облустук милициянын маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here