Баткенде прокуратура кызматкерлери үчүн жаңы имарат жана кызматтык үй курулду

0
642

Баткен шаарында Аскер прокуратурасынын административдик имараты жана кызматтык үйү пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземге башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасынын, облустук, райондук прокуратуралардын кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери катышты.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Административдик имарат эки кабаттан турат.

Ал эми эки кабаттуу кызматтык үй, сегиз батирден турат.
Курулуш 2021-жылдын сентябрында башталып, 11 айда бүткөрүлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here