Баткен шаардык кеңешинин сегизинчи чакырылышынын төрагасы шайланды

0
92

Бүгүн, 28-ноябрда Баткен шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттары төраганы жана орун басарларын шайлады. Депутаттар төрагалыкка “Эмгек” саясий партиясынан депутат болуп келген Алтынбек Ашировду көрсөтүштү. Жыйынтыгында 23 депутаттын добушу менен төрага болуп, Алтынбек Аширов, ал эми орун басарлары болуп, “Ала-Тоо-Кыргыз Жери” саясий райтиясынын депутаттары Чынара Ахмедова жана Адылбек Таштанов шайланды.

Баткен шаардык кеңешинде 31 депутаттык мандат бар. Ал эми VIII чакырылышка беш партия ат салышкан. Шайлоонун жыйынтыгы менен “Ынтымак”саясий партиясынан  беш  депутат, “Эмгек” партиясынан тогуз депутат, “Ыйман Нуру” партиясынан үч депутат, “Ала-Тоо-Кыргыз Жери” партиясынан 10 депутат жана “Жаңы-Кыргызстан” партиясы төрт депутат мандат алды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here