Окуучу кыздын өлүмү боюнча ишти Президент жеке көзөмөлүнө алды

0
531

Өлкө башчысы Садыр Жапаров, Баткен облусунну Кадамжай районунда, 14 жаштагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрурушу боюнча фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

Билдирүүдө,

Урматтуу мекендештер!

Баткен облусунун Кадамжай районундагы жаш кыздын мыкаачы зөөкүрлөр тарабынан өмүрүнүн кыйылышы менин да зээнимди кейитти.

Кыргыз эли байыртадан кыз балага өзгөчө мамиле жасаган, мындай мыкаачылыкка бармак түгүл, кыз балдардын бир тал чачына залал келтирбеген нарктуу эл.

Биздин элдин аялзатына, кыз балага жасаган өзгөчө мамилесинен улам, Кыз Сайкал, Жаңыл мырзадай баатыр кыздарыбыз, Курманжан даткадай акылман энелерибиз чыккан.

Жакында эле нарктуулукту сактоо жана жайылтуу тууралуу жарлык кабыл алганыбыз да бекеринен эмес.

Бул коомубузду сырттан кирген жаман адаттардан сактоо үчүн улуттук иденттүүлүгүбүздү калыбына келтирүү максатында алдын ала көрүлгөн аракет болууда.

Урматтуу агайын-туугандар!
Кадамжайдагы мыкаачылыкты баарыбыз жектейли. Жаш муундарга болгон тарбия-насаатыбызды күчөтөлү. Ар бирибиз коом алдында жоопкечилигибиз бар экенин эстен чыгарбайлы.

Мен Ички иштер министрлиги баштаган күч органдарына жана башка тиешелүү мекемелерге уул-кыздарыбызга карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу иштерин күчөтүүнү тапшырам.

Кадамжайда жасалган мыкаачылык — кечиримсиз иш. Кылмышкерлер өтө катуу жаза алууга тийиш. Бул иш менин жеке көзөмөлүмдө болот, деп жазылган.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжайда секелек кыз зөөкүрлөрдүн колунан ажал тапкан, шектүү катары жергиликтүү үч тургун кармалган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here