Жоокерлердин өлүмүнө байланыштуу бардык аскер бөлүктөр текшерилет

0
395

Аскер бөлүктөрүндө текшерүүлөр башталат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет.

Буга Кыргызстанда аскер кызматын өтөп жаткан учурда аскер кызматкерлеринин өлүмү, алардын сабалышы жана белгисиз себептерден улам нейропсихиатриялык борборлорго жатышы себеп болгон.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарынын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. .

Жумушчу топко төмөндөгүдөй милдеттер коюлду:

1. Аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышына талдоо жүргүзүү, акыркы 5 жылда жоокерлердин өлүмү, өз жанын кыюу, сабалышы боюнча фактыларды чогултуу;

2. Аскер бөлүктөрүнө барып, жеринде мониторинг жүргузүү, аскер кызматкерлердин ата-энелери менен жолугууу жана сурамжылоо жүргүзүү;

3. Аскерлердин өзун-өзү өлтүрүүсунүн себебин аныктоо. “Дедовщина” түшүнүгүн алдын алуу боюнча сунуштарды даярдоо;

4. Улуттук жана эл аралык мыйзамдарды, аларды практикалык колдонууну изилдөө жана бул маселе боюнча биздин укуктук нормаларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.

“2022-жылы 5-сентябрдан тартып жумушчу топ өлкө боюнча аскер бөлүктөрүнө мониторинг жүргүзүүнү баштайт.
Мониторингдердин жыйынтыгында тиешелүү сунуштары менен атайын доклад даярдалып, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.
Жумушчу топтун курамына Акыйкатчы институтунун, Башкы прокуратуранын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, ошондой эле Аскер кызматкерлеринин энелеринин республикалык комитетинин, «Кыйноолорго каршы коалиция», «Кылым шамы» коомдук фондунун жана “Жарандык союз”
коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү кирди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here