Раим Матраимовдун “Исмаил-Ата” фонду Муфтияттын жаңы имаратын курууда

0
802

Исмаил Матраимов атындагы коомдук кайрымдуулук фондунун фейсбуктагы баракчасына Бишкек шаарында Муфтияттын жаңы имаратына капсула салуу аземи болуп, ага Кыргызстандын

Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир ажы Ракыев, “Исмаил-Ата” фондунун жетекчиси Раим Матраимов, бийлик өкүлдөрү, дин кызматкерлери катышканы жазылды. Анда Муфтияттын жаңы имаратына демөөрчү Раим Матраимов экени белгиленген.

Бул маалыматты Муфтияттын басма сөз кызматы ырастаганын Азаттык сайты жазды. Муфтияттын өкүлдөрү курулуш иштери мындан 1,5 ай мурда башталып, капсула жарым ай мурда салынганын кошумчалашкан.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here