Баткенде эгемендүүлүк майрамы коомдук-саясий ишмерлерге таазим этүү менен башталды

0
870

Бүгүн, Баткен шаарынын борбордук стадионунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы салтанаттуу белгиленди.

Майрамдык иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жетектеген Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана мекеме ишканалардын жетекчилери катышты. Ошондой эле өлкөнүн эгемендүүлүгүнө арналган саамалыка кошуна Өзбекстан Республикасынын Риштан районунун жетекчилери конок катары чакыртылды.

Майрамдын алгачкы бөлүгү Баткен шаарындагы өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон улуу инсандар И.Разаков, Ж.Абдрахманов, А.Орозбеков жана А.Масалиевдин эстеликтерине гүл чамбар коюу менен башталды. Андан соң салтанаттын расмий бөлүгү Баткен шаарындагы борбордук стадионунда улантылды.

Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш чаранын жүрүшүндө облус башчысы Абдикарим Алимбаев жалпы элди Кыргызстандын көз карандысыздыкты алган күнү менен куттуктады.

Саамалыктын акыркы бөлүгү атайын концерттик программа жана спорттук мелдештер менен коштолду.

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here