Чуңкурчакта Эгемендүүлүктүн 31 жылдыгы өзгөчө салтанат менен өтүүдө

0
408

Президент Садыр Жапаров Эгемендүүлүктун 31 жылдыгы жана Байтик Баатырдын 200 жылдыгына арналган майрамдык салтанатта мамлекеттик тууну көтөрдү. Көз карандысыздыктын 31 жылдыгына карата,туунун бийиктиги 31 метрди түздү. Майрамдык иш чара Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтүүдө.

Иш-чарага төрага Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети, Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн коомдук ишмерлери, Кыргызстанда аккредиттацияланган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү жана башкалар катышууда.

Ошондой эле Чуңкурчак жайлоосунда бул күнү XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүүдө.

Өлкө башчысы өз сөзүндө жалпы кыргызстандыктарды эгемендүүлүк менен куттуктап, мындан кийин Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар бир дубанда салтанаттуу өткөрүүнү салтка айлантуу ниетибиз бар. Мындай кадам өлкөнүн бардык аймактарында жашаган элибизди ынтымагын арттырат, биримдигин бекемдейт, карым-катнашын күчөтөт», — деп билдирди.

Садыр Жапаров сөзүндө, быйыл жалпы аракетибиз менен мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгы үчүн бекем туруп, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргоп, республикалык бюджеттин түзүлүшүнө чоң салым кошкон Кумтөрдү – улуттук кенчибизди өз энчибизге алдык деп, белгиледи.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here