Эгемендүүлүк күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара 31-август күнү борбордук стадиондо саат 10:00дө башталат. Иш-чарада майрамдык парад өтүп, концерттик программа болот.
Майрамга КРнын эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбеков жетектеген чыгармачыл топтун 2 сааттык концерттик программасы тартууланат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.