Аялын өлтүргөн милиция кызматкери 12 жылга камалды

0
874

Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун мурдагы кызматкери жубайын өлтүргөнү үчүн 12 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Бул тууралуу Талас облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, 2021-жылы 29-декабрда 1992-жылы туулган аял токмок жегенден кийин каза болгон. Анын жолдошу жогорудагы милиция кызматкери адам өлтүрүүгө шектелип кармалган.

Соттолуучу жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here