Баткен облусундагы эң чоң спорт комплексинин курулушу башталды

0
938

Сүлүктү шаарында заманбап типтеги спорт комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жалпы сметалык баасы 26 млн сомду түзгөн спорт комплексинде негизинен спорттун волейбол, футбол жана баскетбол түрүнө ылайыкташкан атайын аянтчалар болот.

Жалпы аянты 80 чарчы метр болгон, эки кабаттуу имараттын курулушу менен,бул облустагы эң чоң комлекс болот деп айтылат маалыматта.

Курулуш иши ушул жылдын октябрь-ноябрь айларына бүткөрүлөөрү пландалды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here