Баткендин чек ара айылында мыйзамсыз аракеттердин алдын алуучу борбор ачылды

0
682

Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана “Эл аралык толеранттулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтык долбоорунун алкагында, коомдук алдын алуу борборунун имаратынын ачылуу аземи болду.Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы маалымат берди.

Борбордо аксакалдар соту, аялдар кеңеши ошондой эле жаштар координаты, милициянын участкалык уполномоченныйы менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.

КААБтын ар бир мүчөлөрүнө өз алдынча иш бөлмөлөр ажыратылып, заманбап техника, эмеректер менен камсыздалган.

Курулушка 400 000 сом, компьютердик жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга 315 187 сомдук финансылык жардам көрсөтүлгөн, Ак-Татыр айыл аймагы тарабынан курулуш иштерине 1 115 739 сом жардам берилген.

Белгилей кетсек, коомдук алдын алуу борборлору жергиликтүү жашоочулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүшөт. Аларга түшкөн арыз-даттанууларды, мыйзамсыз аракеттерди жана жашоочулар арасындагы түшүнбөстүктөрдү кароо жана аларды чечүү боюнча жумуштарды жүргүзөт.

Ак-Татыр айыл аймагында 7миңге чукул эл жашайт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here