Баткенде атайын операциянын жүрүшүндө тартип бузган 9 чет өлкөлүк жаран аныкталды

0
633

Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Нелегал-Трафик” операциясы 7 күнгө созулуп, 2 уурулук, 1 опузалап акча талап кылуу, 1 диний экстремисттик материалдарды таратуу, жайылтуу, 1 мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактыларынын бети ачылып, шектүү катары кармалган атуулдар убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Ал эми Баткен облусунда жүргөн чет өлкөнүн жарандарына мамлекеттин мыйзамын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кылмыш жасабоосу боюнча эскертүүлөр берилди.

Кыргыз өлкөсүндөгү белгиленген тартипти бузган чет өлкөнүн 9 атуулуна протоколдор толтурулуп, айып пулдар салынды.

“Нелегал-Трафик” операциясына облус аймагындагы ыкчам кызматкерлер жана кызматтык автоунаалар тартылып, облус аймагындагы мечиттер, базарлар, автобекеттер, мейманканалар жана шахталар текшерилип чыкты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here