Ошто жаштар диний көп түрдүүлүк жана диндер аралык диалогду жайылтуу боюнча окутуудан өтүүдө

0
655

Дин Изилдөө Борбору Ош шаарында 3-июлдан, 8-июлга чейин төрт күндүк чыгармачылык чөйрөдөгү тренингине старт берди . Аталган лаборатория Кыргызстандын диний көп түрдүүлүгү менен таанышууга, коомдогу диндер аралык диалогду кантип жайылтууну үйрөнүүгө жана жарандык потенциалды жогорулатууга мүмкүнчүлүк берүүсү менен, башка тренингтерден айырмаланат.

Лабораторияга Ош, Жалал-Абад, Баткенден активдүү жаштар тандалып алынган. Жалпы катышуу үчүн Кыргызстан боюнча 200 дөн ашык жаштар өтүнмө тапшырып, алардын 50гө жакыны лаборатория катышууга мүмкүнчүлүк алган. Эми алар төрт күн аралыгында Кыргызстандын диний көп түрдүүлүгү, дин тутуу жана ишеним эркиндиги, радикализацияга каршы күрөш, конфликтология жана башка темаларда билим алышат.

Аталган долбоордун директору Салтанат Сулайманбекованын айтымында, долбоор АКШнын мамлекеттик департаменти тарабынан каржыланып, Жалпы Кызыкчылыктарды Издөө Коммерциялык эмес Корпорациясы, Дин Таануу Изилдөө Борборуна бир компанентин ишке ашыруу үчүн грант бөлүп берген. Ал компанентке жаштар, активдүү аялдар, диний лидерлер, жергиликтүү бийлик өкулдөрү кирет. Учурда Ош шаарында өткөрүлүп жаткан лаборотория, компаненттин бир бөлүгү болуп эсептелет.

Дин Таануу Изилдөө Борбору 2011-жылы түзүлүп бүгүнкү күнгө чейин өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Ошондой эле аталган лабороториянын катышуучулары өздөрүнүн долбоорун даярдашып, жер-жерлерде диний жана социалдык көйгөйлөргө байланыштуу демилгелерди ишке ашырганга да, гранттык мүмкүнчүлүк алышат.

Катышуучулардан бири Жумакан Жолдошева Жалал-Абад облусунан келген. Анын айтымында аталган иш-чарадан диний көп түрдүүлүк менен таанышууга, коомдогу диндер аралык диалогду кантип жайылтууну үйрөнүүгө жана жарандык потенциалды жогорулатуу боюнча билим алууда. Эми ал өзүнүн аймагында гендердик жана социалдык көйгөйлөргө байланыштуу долбоорду ишке ашырууну максат кылып турат.

Белгилей кетсек, буга чейин жогорудагы 4 күндүк лаборатория Чүй облусунда 25-29-июнга чейин өткөрүлгөн.

Текст жана сүрөттүн автору: Атабек Арипов

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here