Курман айт 9-июлга белгиленди

0
419

Кыргызстанда 9-июлда курман айт майрамы белгиленет. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

30-июнь Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 8-июль арапа күнү болот.
Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет.

Белгилей кетсек, Курман айт майрамы ишемби күнгө туш келгендиктен, 11-июль, дүйшөмбү күнү эс алуу күнү болот. Мындан улам кыргызстандыктар 9, 10 жана 11-июль күндөрү, үч күн катары менен эс алат. Бул боюнча Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here