Кызыл-Кыя шаарында сел кесепеттери жоюулууда

0
303

20-июнь саат 13:00гө карата Кызыл-Кыя шаарында суулары кирген 27 турак үйдө тазалоо иштери бүткөрүлдү. Электр энергиясы жана таза суу системалары калыбына келтирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгынан билдиришти.

Ошондой эле, И.Жусубалиев көчөсүндө жайгашкан 4 социалдык объектилер сел калдыктарынан тазаланды.

Кечээ, 20-июнь күнү 36 турак үй тазаланып, сел калдыктары ташылып чыгарылды.
Тазалоо иштерине Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинен 106 куткаруучу жана 9 техника тартылып, калган турак үй жана социалдык объектилерде селден кийинки тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.Ошондой эле келтирилген чыгымдар такталууда.

Эске салсак, 18-июнь күнү нөшөрлөгөн жаандан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу,Кызыл-Кыя шаарында сел келип, «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here