Баткенде адам өлтүрүүгө буюртма берген жана аны аткарган жарандар кармалды

0
1142

Баткен облусунда эки млн сомго адам өлтүрүүгө буюртма берген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун жашоочусу акча каражатын алуу максатында М.Ж. аттуу жаранды уурдап, өлтүрүүнү уюштурган. Ал өзүнүн тааныштарына эки млн сом үчүн кылмыштуу буюртма берген.

Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча түштүк бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Кадамжай районунда жашаган адамды жасалма уурдоону уюштурушкан.

Андан соң, уурдалган адамдын сүрөтүн уюштуруучуга көрсөтүшкөн. Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кызматкерлер уюшкан кылмыштуу топтун бардык мүчөлөрүн кармашкан.

Кармалган шектүүлөр: уюштуруучусу, мурда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип бир нече жолу соттолгон 63 жаштагы жаран экендиги аныкталды, ал эми буюртманы аткаргандар дагы эки жаран.Анын бирөөсү мурда бир нече жолу соттолгон
Шектүүлөрдөн баңгизаты да табылып алынган.
Аталган факты боюнча кылмыш иш козголду.

Кармалган жарандарга карата сот тарабынан эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here