Баткенде “ӨРҮК EXPO” айыл чарба жарманкеси өтөт

0
1177

ЖИА Бизнес-ассоциациясы, Ишкердикти колдоо борбору жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен биргеликте, 2022-жылдын 25-июнь күнү “ӨРҮК EXPO” айыл чарба майрам-жарманкесин уюштурат.

Бул тууралуу Салам медиага Баткен ЖИА нын аткаруучу директору Муратбек Газыев билдирди.

Иш-чаранын максаты, Баткен облусунда өрүк жана башка айыл чарба өндүрүмдөрүнүн баалуулугун өстүрүү дейт уюштуруучулар.

Баткен облусунун аймагында багбанчылык, анын ичинде өрүк өстүрүү эң чоң багыт катары белгилүү.

Уюштуруучулардын маалыматында, Баткен облусунун аймагында өрүк бактары 10миң гектардан ашуун аянтты ээлейт жана элинин негизги киреше булагы катары каралат.

Ал эми түшүм болгон жылы 60миң тоннадан ашуун түшүм алынат.

Алынган түшүм сырье жана даяр өнүм түрүндө кошуна мамлекеттерге жана Орусияга, андан ары Европага, Америка,  Японияга чейин экспорттолот. Мындай чоң жумушту аткарган бир нече чоң жана орто ишканалар бар.

Белгилей кетсек, иш-чара А.Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театры жана шаардык борбордук аянтта өтөөрү айтылды.

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here