Мугалим окуучуларын уурулукка катыштырган

0
823

Ысык-Көл облусунда окуучуларды уурулукка тарткан дене тарбия мугалими кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Милиция тарабынан мал уурулукка тиешеси бар жарандардын өздүгү аныкталды. Алар Отрадное айылынын 6 тургуну болуп чыкты. Шектүүлөр айылдаштарына тиешелүү болгон 15 баш кой жана 3500 килограмм буудайды үстүбүздөгү жылдын январь айынан баштап, июнь айына чейинки аралыкта уурдашканын толугу менен моюндарына алышкан.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөрдү алар окуган мектептин 25 жаштагы дене тарбия мугалими уурулукка тартканы аныкталган.

Алар уурдалган малды Түп айылынын тургунуна сатып ийишкен. Койду сатып алган адамдан 3 баш кой далил катары алынып, ал эми 12 баш кой базарга сатылып кеткени маалым болду.

Тергөө амалдары уланууда деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here