Баткен-Кара-Токой автожолун оңдоп түзөө иштери жүрүп жатат
Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Оңдоп-түзөө жана жол куруу иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Жумуштар Баткен райондук №2- Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.
Аталган жолдун оңдоп түзөө иштеринен Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жерине барып кабар алды деп айтылат, маалыматта.