Баткендин ак өрүгү Россияга экспорттолууда

0
1038

Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн Чек, Жаңы-Жер айылдарында    өрүктүн эрте бышуучу, ак өрүк сорту терилип жатат. Аталган айылдарда өрүктү сатуу жана сатып алуу үчүн атайын базалар түзүлгөн.

Учурда өрүктүн килограммы сортуна жана сапатына  жараша  100 сомдон 200 сомго чейин сатылууда.

 

Өрүктун бул сорту кургатууга болбойт.Мындан улам өрүктөр жеке ишкерлер аркылуу  ар кайсы  мамлекеттерге өз убагында  экспорттолууга тийиш. Багбандардын быйылкы тушүмү негизинен Россияга экспорттолууда.

Жергиликтүү жетекчилер багбандардын түшүм жыйноо иштеринен жеринде кабар алышты деп билдирет,  Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, район боюнча жалпы өрүк бактын аянты 3590 гектар. Жылына бул бактар, орто эсеп менен 21540 тонна түшүм берет.  Анын  5385 тоннасын, багбандар кургатылган өрүк как катары жыйнап алышат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here