Мугалимдер шахмат жана волейбол боюнча күч сынашты

0
690

Билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун чыңдоо, аларды дене тарбия жана спорт менен машыгууга тартуу максатында Баткен районунун  9 айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда  “Ден соолук” спартакиадасы болуп өттү.

Мелдеш  спорттун  эки түрү боюнча волейбол жан шахмат оюндары өткөрүлдү.

Бул иш чарага 9 айыл өкмөтүнөн 9 команда катышты. Жыйынтыгында эркектер арасында өткөрүлгөн волейбол боюнча мелдеште  1-орунду З. Ормонов атындагы орто мектеби, 2-орунду С. Кожобаева атындагы Самаркандек жатак-гимназия мектеби, 3-орунду Токтогул атындагы орто мектебинин командалары камсыз кылышып I, II, III даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ал эми аялдар арасында өткөрүлгөн волейбол оюнунда 1-орунду З. Абдукаримов атындагы орто мектебинин, 2-орунду Токтогул атындагы орто мектебинин, 3-орунду Жаңы-Жер башталгыч мектебинин командалары камсыз кылышып, диплом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Ал эми спорттун шахмат түрү боюнча 1-орунду Токтогул атындагы орто мектебинин мугалими Манас Каримов, 2-орунду М. Салихов атындагы орто мектебинин мугалими М. Абдуллаев, 3-орунду  Таш-Тумшук орто мектебинин мугалими С. Беркбаевдер камсыз кылышып диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here