Баткен жана Өзбекстандын Сох райондорунун ортосунда маданий иш чаралар өтөт

0
325

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баштаган  жетекчилер  Өзбек Республикасынын Сох районунун акими Саидбахром Саидмусаевдин атайын  чакыруусу менен  «Сох» балдардын ден соолугун чыңдоо комплексинин ачылуу аземине катышты. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Аким Учкунбек Жоробаев, аземде Сох районунун тургундарын аталган комплекстин ачылуу аземи менен куттуктады. Ошондой эле  бир тууган эки элдин, кылым карыткан алакасына, кошуналык мамилесине токтолду.

Баткен жана Сох райондорунун жетекчилери алдыда кыргыз-өзбек элдеринин ортосунда ынтымактыкты, достукту чыңдоо менен кошуналык карым катнашты бекемдөө максатында маданий иш чараларды өткөрүү жөнүндө сүйлөшүштү деп айтылат, маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here