Украинадагы элчибиз кыргызстандыктарга кайрылды

0
250

Украинадагы Кыргызстандын элчиси Идрис Кадыркулов фейсбуктагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Ал, “азыркы учурда Украинадагы элчилик Батыш Украинада өз кызматын толук кандуу аткарып, ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз жүргүзүп жатат.

Акыркы аптада Украинадан дагы 7 жараныбызга учак билеттер алынып, Кыргызстанга эвакуацияланышты. Акыркы күндөрү орозо айы бүткөндөн кийин Украинага кайтуу ниетин билдирген көптөгөн жарандар кайрыла башташты. Бул жерде аскердик салгылашуу дагы деле кызуу түрдө жүрүп, шаарларда сирена тынбай, коменданттык сааттар уланууда” деп жазды.Ошондой эле

Урматтуу мекендештер!

Азырынча Украинага келбей турууңузду сунуштайм жана өтүнөм! Дал ушундай сунушту азыр жергиликтүү аскер бийлик органдары дагы билдирип жатат.

Украинага келүү эрте, өз өмүрүңүздү тобокелге салбаңыздар! Баардыгыңыздарга аманчылык каалайм, деп жалпы кыргызстандыктарга кайрылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here