Түзүлбөгөн шарт: Балдардын жол коопсуздугу

0
524

Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев орто  мектебинин окуучуларынын бир бөлүгү Момунов  көчөсү аркылуу катташат. Бул көчөнүн эки тарабында да тратуар жок. Окуучулар чоң жолдо унаалар менен жол талашып басууга аргасыз. Ошондой эле мектептин алдында жол чиймелеринин өчүп кеткенине, ылдамдык тепкичтердин жоктугуна да күбө болдук.

Баткен шаарынын тургуну Гыязидин Сейтмуратов 3 жылдан бери  небересинин коопсуздугу үчүн, аны  өзү мектепке алып келип, алып кетээрин айтат. Унаалардын көптүгүнөн, цветафорлордун жоктугунан улам неберемдин коопсуздугуна канаттанбайм дейт ал.

Шаардагы Бөкөнбаев эле эмес, Ленин жана Имаров орто мектептери да  негизги чоң көчөлөрдүн боюнда жайгашкан. Биз шаардагы чоң мектептердин баарынын алдындагы  жолдорду карап чыктык. Окуучулар өтүүсү үчүн жол белги чиймелери өчүп кеткен, дээрлик көрүнбөйт десек жанылбайбыз. Жолдо цветафорлор да орнотулган эмес. Мындан улам окуучулар үчүн жолдун кооптуулугу талашсыз маселе.

Ага карабай  жергиликтүү  бийлик мектептердин алдына цветофорлорду орнотуунун зарылчылыгы жок деп эсептейт. Бул багытта балдардын коопсуздугун камсыздоонун башка жолдору каралып жатат дейт Баткен шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик департаментинин башчысы Акрамали Акматов.

Ал “биздин 2022-жылга пландаштырылган иш чарабызда  аталган  мектептердин алдына, тагыраагы беш жерге ылдамдык тепкичтерин орнотобуз деген пландарыбыз бар,ошондой эле жол белги чиймелерин чиебиз. Бул үчүн шаардык бюджеттен  500миң каралып,  аткарууда турат”, деп кошумчалады.

Баткен шаардык жол кайгуул кызматы бул багытта жол белгилерин калыбына келтирүү, жаңылоо боюнча, жергиликтүү бийликке   бир канча ирет билдирүү бергенин айтышат.

Аталган мекеменин башчысы Аскар Токоев, Баткен шаардык мэриясына бул боюнча 20дан ашык билдирүү бердик, он күндүн ичинде аткаруу керек  деп талап кылабыз, бирок алар каржылоо болбой жатканын айтып  жооп берип жатат. Биз ал жөнүндө  прокуратурага сунуш берели деп жатабыз, деди.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык,  муниципалдык жолдорду жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына жооп берген абалда күтүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан камсыздалышы керек.

Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here