Лейлекте мектептен өрт чыкты

0
262

Лейлек районунун Сары-Дөбө айылындагы «Сары-Дөбө» орто мектебинде өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгынан билдиришти..

Өрт саат 03:35те чектөөгө алынып, таңкы саат 05:30да толугу менен өчүрүлдү деп айтылат маалыматта.

Тилсиз жоонун кесепетинен мектептин эки бөлмөсү, коридору, чатыры жана эки класстык бөлмөсүнүн айрым жерлери күйгөн. Азыркы тапта өрттүн себеби жана материалдык чыгым такталууда.

Өрттөн эч ким жабыркаган жок.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here