Дарыгерлер апрелдин сонунда 50% жогорулатылган маяна алат

0
523

Апрель айынан баштап медицина кызматкерлери үстөктөрү жана кошумча төлөмдөрү сакталып, 50 пайызга жогорулатылган айлык акы ала баштайт. Деп билдирди  Саламаттык сактоо министрлиги.

Маалыматка ылайык, бардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр сакталды.Башкача айтканда айыл, бийик тоолуу, илимий даража, эмгек стажы, категориялар эмгек акысына кошулуп берилет.

Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду ведомствого караштуу саламаттык сактоо уюмдарын каржылап, 2022-жылдын 25-апрелинен тарта саламаттык сактоо уюмдары эмгек акыларды эсептеп төлөй баштайт .

Иш стажысы жана категориясы жок жаш үй-бүлөлүк дарыгер буга  чейин — 10 000 сом маяна алган болсо,эми 15 136 сомдун тегерегинде маяна алат, деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here