“Селсаяк” иш-чарасынын жүрүшүндө 4 ата-энеге айып пул салынды

0
635

Кызыл-Кыя шаарында милиция кызматкерлери “Селсаяк” иш-чарасын өткөрүп, базарларда, чоң соода борборлордо тилемчилик кылып жүргөн же болбосо туруктуу жашаган жери жок, жер төлөөлөрдө жашап жүргөн, кароосуз калган жарандар боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүштү.

Өз алдынча мектепке барбай көчөлөрдө, базарларда, интернет клубтарда жүргөн мектеп окуучулары аныкталып, балдар менен иштөө инспекторлору тарабынан мектептерге 24 сунуш жөнөтүлдү.

“Селсаяк” ишчарасынын жыйынтыгында жалпысынан 55 протокол түзүлүп, ата-энелик милдеттерден качуу беренеси боюнча 4 ата-энеге карата протокол түзүлүп, айып пулдар салынды.Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here