Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнүн тизмеси жарыяланды

0
492

Кыргызстанда мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын жыйынтыгы жарыяланды. Билим берүү жана илим министрлиги 10-июлда кабарлагандай, пандемияга байланыштуу быйыл олимпиаданын 3-турунда мыкты аталгандар республикалык таймаштын жеңүүчүлөрү деп таанылды.

17 сабак боюнча мектеп аралык, аймактык, райондук акыл таймаштарын жеңип келген 483 окуучу облустук турда I, II жана III орундарга ээ болушкан.

Министрликтин маалыматына караганда, I орунду алган 160 окуучу ноутбук жана диплом, II жана III орунду ээлеген окуучулар диплом менен сыйланышат. Ошондой эле 281 окуучу жогорку окуу жайына тапшырууда олимпиаданын предмети дал келген адистиктер боюнча жеңилдик алат.

Республикалык олимпиаданын III этабы 27-28-февралда Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Каракол, Талас шаарларында өткөн. Ага жалпысынан 1978 окуучу катышкан.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана башка бардык окуу жайлары карантинге жабылып, окуу жылы онлайн жыйынтыкталган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here