Ата Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир уулун чагылганга !

0
1190

Кыргызстандагы кооптуу жана ири операцияларды жүргүзгөн атайын даярдыктагы бөлүктөрдүн сап башында «Альфа» турары талашсыз. Кызмат бүгүн 28 жылдыгын белгилеп жатат.

«Альфа» атайын багыттагы бөлүгү узак тарыхы, жүздөгөн операцияларды ишке ашырышы жана катарына мыкты жоокерлерди кошуу менен элиталык болуп эсептелет.

Sputnik атайын кызмат тууралуу кызыктуу фактыларды даярдады.

Түптөлүшү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) караган кызмат 1992-жылдын 27-октябрында түзүлгөн. Аны кээде «А» (Антитеррор) тобу деп дагы атап жүрүшөт.

Совет убагында жалпы Мамлекеттик коопсуздук комитети (КГБ) болуп, Москвада жайгашкан. Ошондой эле аймактарда бөлүмдөрү иш алып барган. Ал эми СССР кулагандан кийин союзга мүчө-мамлекеттин бардыгы өз алдынча атайын багыттагы кызматтарын түзө баштаган. 

Милдеттери

«Альфанын» негизги милдети — улуттук коопсуздукту камсыздоо, конституциялык түзүлүштү бузууга жол бербөө, коомдук-саясий абалды курчутууну көздөгөн террордук, экстремисттик жана массалык башаламандык аракеттерин алдын алуу жана бөгөт коюу, барымтадагыларды бошотуу. Ошондой эле өтө оор кылмыштарда операцияларды жүргүзүүгө милдеттүү.

ИИМ жөлөк болуп чогуу жүргөн кызматтык иттери тууралуу айтып берди. Сүрөт

Курамы

«Альфа» террорчулукка каршы күрөшүү боюнча ардагерлердин эл аралык ассоциациясынын президенти Юрий Погибанын Sputnik агенттигине айтып бергенине караганда, атайын даярдыктагы кызматтагылардын көбүн офицерлер, азыраагын прапорщиктер түзөт. Арасында аял-кызматкерлер дагы бар. Бирок алар көбүнчө аналитикалык жана штабдык ишти аркалап, зарыл учурда гана атайын тапшырмаларга тартылышы мүмкүн. 

Сотрудники спецотряда Альфа при Государственном комитете национальной безопасности
© ФОТО / МЕЖДУНАРОДНОЕ ОБЪЕДИНЕНИЕ ВЕТЕРАНОВ АНТИТЕРРОРИСТИЧЕСКОГО ПОДРАЗДЕЛЕНИЯ «АЛЬФА»
«Альфанын» катарына кошулам деген жоокерлерге талап күч. Бир катар сыноолордон кийин гана атайын операцияларды жүргүзүүгө катыша алышат.

Даярдыгы

Спецназдар машыгуудан өтүп келген мамлекеттердин саны оголе көп. Сырттагы кесиптештер менен тажрыйба алмашуу байма-бай болуп турат. Ал эми иш күнүндө эмне менен алектенишет деген суроо бардыгына кызык болсо керек.

Кызматкерлер өздөштүрө турчу отузга чукул атайын дисциплина бар. Ага дене бой даярдыгынан тышкары тактикалык предметтер, ок атуу, топография, политология, психология, чет тилдерди үйрөнүү жана башкасы кирет. Өздүк курамдын 70 пайызы керектүү делген бир чет тилди билет. Себеби алар чет мамлекетке сапарга көп чыгышат, кайсы бир убакта барып иштеп да келишет. Бардыгы жогорку билимдүү, жадагалса 50 пайызынын эки-үчтөн диплому бар. Калган даярдыктар жашыруун болгондуктан айтылбайт.

Техникалык жактан камсыздалышы

Юрий Погибанын айтып бергенине караганда, атайын даярдыктагы кызмат чет мамлекеттен чыгарылган жаңы үлгүдөгү курал-жарактын түрү менен камсыздалган. Операцияга керектүү делген снайпердик, антиснайпердик каражаттар, дрондор, жеңил сооттолгон танкалар (БТР), жоокерлердин коопсуздугун камсыздаган оор жана жеңил коргоо каражаттары (бронежилет), бронещиттер жана башка шаймандар бар. Кыскасы, «Альфанын» жогорку деңгээлде антитеррордук операцияларды жүргүзүүгө толук мүмкүнчүлүгү жетет. Операциялардын түрлөрүнө жараша КРдин Куралдуу күчтөрү менен чогуу иш алып барып, техникасын колдоно алышат. 

Сотрудники спецназа во время совместных антитеррористических учений
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
«Альфа» өлкөдөгү террордук жана экстремисттик аракеттерге бөгөт койгон атайын кызмат. Бирок башка дагы милдеттер жүктөлгөн.

Тажрыйбасы — аткарган тапшырмалар, операциялар

«Альфа» түзүлгөндөн бери 300дөн ашык операция жүргүзгөн. Анын ичинде бир катар жашыруун террордук уюмдардын иш-аракеттерин токтотуп, ондогон террордук чабуулдарды алдын алган. Сапёрлор 27 жыл аралыгында 500дөн ашуун колго жасалган жарылуучу түзмөктөрдү зыянсыздандырган.

Милиционер, метеоролог, куткаруучу. COVID-19 соолткон өмүрлөр. Сүрөт баян

Атайын топ 1997-1998-жылдардан тарта террордук коркунучка каршы күрөшүү иш-чараларын активдүү баштаган. Ал эми 2006-жылдан бери экстремисттер менен катуу тирешип келишет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here