Иш-чаранын катышуучулары элечекти Кыргызстандын бир топ аймактарында жана Москва, Абу-Даби шаарларында бир жума башынан түшүрбөй кийип жүрүшмөкчү.
Кыргызстанда «Элечек жумалыгы — 2020» иш-чарасы башталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучу Айжан Акылбекова билдирди.
Анын айтымында, мындай жумалык үчүнчү ирет өтүп жатат.
«Саамалыктын максаты — салттуу баш кийим болгон элечекти күнүмдүк жашоого киргизүү. Жумалыкка 35 аял катышып жатат. Биз аларга элечек ороп беребиз жана аны ошол бойдон белек кылабыз. Алар салттуу баш кийимди бир жума бою башынан түшүрбөй кийип жүрүшөт», — деди Акылбекова.
Салттуу баш кийимдердин сырлары
Жумалыкка Бишкек шаарынан, Ош облусунун Кара-Суу районунан, Баткен облусунун Лейлек районунан, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан, Жети-Өгүз районунан, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан жана Москва, Абу-Даби шаарларынан аялдар катышмакчы.