Баткен район акими жана прокурору ишкерлер менен жолукту

0
674

Баткенде ишкерлерди колдоо, алардын  укугун коргоо, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ыйгарым укуктуу жана укук коргоо органдарынын ишкердик субьектеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүнө бөгөт коюу максатында атайын жыйын болуп өттү.

Жыйынга Баткен районунун  аким Учкунбек Жоробаев, Баткен районунун прокурору  Садык Сатыбалдыев  жана  жеке ишкерлер катышты.

Жыйында жеке ишкерлерге “Ишкерлердин укуктарын коргоо” жана “Ишкердик субьектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдары  боюнча кеңири маалымат берилди.  Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган төлөмдөрдү белгилөөгө жана алууга тыюу салуу, негизсиз текшерүүлөр туурасында, орун алган жагымсыз жагдайларда мамлекеттик органдын тийиштүү кызматтарына кайрылуусу зарыл экендиги баса белгиленип өттү.

Эгерде укук коргоо органдарынын ишкердик субьектеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүн байкасаңыздар төмөнкү номерге чалып кабарласаңыздар болот деп айтылат маалыматта Т: 0220 66 48 37.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here