Лейлекте жыл башынан бери эки суицид катталган

0
356

Милиция менен жергиликтүү бийлик, Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кулунду айыл аймактарында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жыйында бул аймакта билим алган мектеп окуучуларынын, жаш өспүрүмдөрүнүн коопсуздугу талкууланды.

Жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын себептери, эрте никеге туруу, суицид, жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча кенен түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле мыйзамда көрсөтүлгөн ата-энелердин жоопкерчиликтери боюнча ата-энелерге эскертүүлөр берилди.

Белгилей кетсек Лейлек районунунда 2022-жыл башынан бери жаш өспүрүмдөр катышкан 2 суицид катталган деп айтылат облустук милиция тараткан маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here